Коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев коронавирус пандемиясынан улам үйдө окуп жаткан жаштарды убакытты текке кетирбөөгө чакырды. Бул тууралуу президент конференция учурунда сүйлөп жатып айткан.
"Үйдө окуп жаткан студенттерге жана окуучуларга кайрылгым келет. Урматтуу студенттер жана окуучулар, убакытты текке кетирбегиле!" - деп кайрылган президент.
Ошондой эле Шавкат Мирзийоев студенттерден сабактарды кылдаттык менен аткарып, күн сайын китеп окуп, билимин жогорулатып, физикалык көнүгүүлөр жана спорт менен алектенүүсүн өтүнгөн.