Биз социалдык тармакта

Депутат Маматалиев жаңыдан салынган жолдор четинен кайра бузулуп жатканын белгиледи

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңеште автоунаа жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Депутат Марлен Маматалиев жаңыдан салынган жолдор четинен кайра бузулуп жатканын белгиледи. "Жолдордун тез арада бузулушунун себеби - ашыкча жүк ташыган транспорттук каражаттар. Ошондон улам мыйзам талаптарын бузган жүк ташуучуларга карата айып пул санкцияларын колдонууну катуулатуу демилгеси сунушталып жатат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
salimbek87.kg
2020-03-06 23:39:18
Убагында ушул сапатсыз жолдор салына берсин деп озунор колдоп бергенсинер 120 барашкалар.
Эми Антип актаныштын кереги жок деп ойлоймун .
Ошол жол салынып буткондон кийин комиссия барып текшерип алса болбойт?
+4
Migrant-rf
2020-03-07 00:24:16
ЖК дан эле кыйкыра бербей. Биринчиден жолдун калыңыдыгы мисалы стандарт боюнча 20 см болсо, биздин жегичтер анын 8 см ин жеп, 12 см кылып куруп коюшууда, ошого ысыкта эзилип, батып кетүүдө. Экинчиден жолду бүткөндө эмес, курулуп жатканда барып стандарттарын текшергиледа, канчалык калыңдыкта, канчалык кенендикте курулуп жатканын, үчүнчүдөн ал жол куруп жаткандарга таштап койбой, бат баттан барып аралашып жүрсөңөр болмок. Төртүнчүдөн анан тиги 50-60 тонналык оор жүк ташыгандарга чектөө киргизгиле!
+2
Tolkun555
2020-03-07 08:22:26
Популисттер
+3
guard
2020-03-07 08:30:46
Оор жуктуу машиналар отпогон жолдор деле бузулуп жатат четинен, сапаты начар жолдорду салдырдынар да, жеп ичип койгонсунар, эми ондогонго акча болдуросунор, аны да кашайтасынар да, болбосо куйбойт элен мынча, бизди тан калтырып!
+3
chake
2020-03-07 08:44:29
жол бүтө элек прием отдача деген бар бүткөндө лабораториядан өтпөсө кайра үстүнөн төшөйт да кайра тим койгула
-3
katerina.li
2020-03-07 20:50:03
chake, приём-сдача,отдача эмес. Сабатсыз
+1
Wibee
2020-03-07 10:26:22
Мееси жеткенин айтсаңар бузулуп жатканыга
+3
katerina.li
2020-03-07 20:53:05
Шайлооо жакында
+1
amirrus
2020-03-08 15:31:39
Шайлоо жакындап популисттик кыла башташкан го,мурда жолдор курулуп жатканда оозунарга талкан салып алдынар беле...1-ден жолдун курулуш сапатын кароо керек,жакшы сапаттуу курулса оор жукко бузулбайт башка олкодогу жолдордо жургон гигантский машиналар бузбай эле журу го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан