Биз социалдык тармакта

Аялдар абагындагы "Жаз сулуусу-2020". 2 жолу соттолгон жеңүүчү былтыр дагы абактагы эң сулуу айым аталган

Кечээ, 6-мартта Аламүдүн районуна караштуу Степное айылындагы №2 аялдар абагында "Жаз сулуусу-2020" аталышындагы сулуулар сынагы болуп өттү. Сынакка эркиндигинен ажыратылып абакта отурган аялдар катышып, "адам өлтүрүү" жана "ден соолукка атайылап залал келтирүү" беренеси менен 2 жолу соттолгон Кундуз К. жеңүүчү аталды.

Ал былтыр 2019-жылы дагы аталган сынакта жеңүүчү аталган.

Сынак 8-март Аялдардын Эл аралык майрамынын урматына арналган.

Сынакка абактагы 4 отряддын өкүлдөрү катышып, алар ыр окуу, тамашалуу сценка коюп, обонду ыр аткарышкан. Катышуучулар өздөрү колго тиккен көйнөктөрдү кийип чыгышты. Алар полиэтилен баштыктан жана кийизден жасалган.

Аялдар абагындагы "Жаз сулуусу-2020" сулуулук сынагы
Аялдар абагындагы "Жаз сулуусу-2020" сулуулук сынагы 1
Аялдар абагындагы "Жаз сулуусу-2020" сулуулук сынагы 2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
akmanai
2020-03-07 14:48:52
Боорум ооруду
+1
Saliman
2020-03-07 14:54:33
akmanai,эмнеге?кылмыш кылган адамга боор ооруп болбойт тем более адам олтургондорго .
-9
talaa11
2020-03-07 15:54:39
Saliman,Пенде болгон сон адашат экенбизда кееде туура эмес жолду байкабай басып алып бул жака кандай келип калганынды озунда билбей каласын. Эмне абактагы адамдарын баардыгы жаман адамдар деп ойлойсунбу?
+10
pochanta
2020-03-07 17:17:10
talaa11,туура кээ биро куноосуз жерден отуруп калгандар бар
+6
Saliman
2020-03-08 00:03:05
talaa11,эки жолу кылмыш кылган Адам кандайча адашат?туура пендебиз баарыбыз адашабыз жанылышабыз Бир жолу экинчи ирет Аны кайталообого аракет кылабызго а бул айым эки жолу сот жообуна тартылып жататго.биринчиси сабак болбогонда демек
-1
Saliman
2020-03-08 00:18:28
talaa11,баары жаман дебейм АК жеринен жалган жалаа мененда камалып кеткендер бар.мен тиги жаз сулуусу аталган айым боюнча оюмду жазып жатам .эки жолу кылмыш кылса тем более адам олтуруп жатса зачем боор ооруп деп
+2
Nursul
2020-03-07 20:46:55
Saliman,боорун оорубаса адамдык спатыбыз кайсы анда
+1
Saliman
2020-03-08 00:14:12
Nursul,боорум ооруйт менинда бирок кылмышкерге эмес,кылмышкерден жабыркаган адамга боорум ооруйт.бироону олтуруп коюп озу абакта журот,мооноту бутсо чыгат жакындары менен бирге болот.а анын колунан каза болгон адамчы келбес жакка кеткен анын жакындары кан жутуп кала бердида тиги кылмышкердин айынан
+1
Abdizhapar
2020-03-07 17:25:36
Жаз эмес Турмо сулуусу 2020 десенер
+1
XATSAN125
2020-03-07 18:25:49
Степное степное......
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан