"Аялдардын тилектештик маршында" Свердлов РИИБине жеткирилген катышуучулардын бардыгы бошотулду.
Бүгүн, 8-мартта саат 12:00дө Бишкектин Жеңиш аянтынан башталган "Аялдардын тилектештик маршы" өтмөк. Бирок башталбай жатып жөө жүрүштүн катышуучуларына 20дай калпакчан жаран басып келип, ортодо ызы-чуу чыкты. Анда эки тараптын катышуучуларын милиция кызматкерлери Свердлов РИИБине алып кетишкен.