Франциянын парламентинде 4 депутат жана Улуттук ассамблеянын (парламенттин төмөнкү палатасында) 2 кызматкери кооптуу делинген коронавируска кабылганы айтылууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, француз парламентинде 4 депутат жугуштуу вируска кабылганын дарыгерлер аныктап, алардын кайсы партиянын өкүлдөрү болгондугу тууралуу маалыматты таратышкан. Анда "Республикалыктар" партиясынын өкүлү Жан-Люк Рейцер. Ал оор абалда ооруканага жеткирилген. Экинчиси "Алга! Республика" партиясынын өкүлү Элизабет Тутю-Пикар болгон. Ал эми эки депутаттын кайсы партиядан экендиги ачыкталган эмес.
"4 депутаттын жана Улуттук ассамблеянын 2 кызматкеринен тест жыйынтыктары коронавирусту жуктуруп алгандыгын көрсөткөн. Ассамблея кызматы вируска каршы санитардык текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ал эми вирусту жуктуруп алган депутаттар карантинге алынган", - деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күнгө карата Францияда 1 209 адам вирусту жуктуруп алган, каза болгондордун саны 19га жетти, айыккандардын саны - 12.