Бүгүн, 4 -декабрь бир сутка ичинде коронавируска каршы 9 миң 887 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 5006 адам биринчи дозаны, 4881 адам экинчи дозаны алды.
Жалпы эмдөөдөн өткөн:
1 доза - 1 132 623;
2 доза - 912 483.
Белгилей өтсөк, өлкөдө эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган.