Бүгүн, 28-июлда өлкөгө Москва-Бишкек каттамы менен 233 Кыргыз жараны кайтып келди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жүргүнчүлөрдүн арасында студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар, наристелери бар энелер, ар кандай илдеттери барлар, операция жасаткандар жана жакындары кайтыш болгондор келишти.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, элчиликтин кызматкерлери, ИИМдин Орусиядагы өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия жана жарандардын кайрылууларынын негизинде түзүлдү.
Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.