Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда. Анда жактоочулар судья Ирина Воронцовага өтүнмөлөрдү келтирип жатышат. Отурумга аскердик прокурор жана "Электр станциялары" ишканасынын юристи дагы катышып жатат. Процесстин жүрүшүндө мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков соттук-экономикалык экспертиза көптөгөн мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөнүн белгилеп өттү.
"Бул жакта кызыктуу деталь болуп жатат. Себеби сметалык документация мамлекеттик текшерүүдөн өткөн эмес. Бул нерсени күбө Евгений Хафизов дагы тастыктады. Эгер бул документация мыйзамдуу болбосо, бизди кантип эмненин негизинде соттоп жатасыңар? Курулуш-техникалык экспертизада дагы мыйзамдын нормалары сакталган эмес. Биз ал экспертизанын отчётун көргөнбүз, анда экспертизанын жыйынтыгы тууралуу 2-3 бетте гана жазылыптыр. Калган беттерде ишке тиешеси жок куру сөздөр жазылган. Бул нерсе күмөн жаратат. Демек, мамлекетке чыгым келтирилген эмес болсо "Электр станциялары" бизге бир жарым жылдан бери бербей жаткан аудиоторлордун жазуусу кайда?" - дейт Исаков