Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда. Анда жактоочулар судья Ирина Воронцовага өз өтүнмөлөрүн келтирип жатат. Процесс учурунда жабырлануучу тарап болгон "Электр станциялары" ишканасынын юристи айыпталуучуларды жана алардын жактоочуларын негизсиз өтүнмө келтирип, процессти атайын созуп жатат деп айыптады. Буга "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев "Электр станциялары" ишканасы коммерциялык сырга такап, маанилүү документтерди бербей жатканын белгилеп өттү.
"Далилдердин арасында бир дагы бухгалтердик документ жок. Ал документ жок мамлекетке канча чыгым келтирилгенин далилдей албайсыңар. Ошондой эле чечим чыгара албайсыңар. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынан бухгалтердик документти көрсөтүүнү суранганда коммерциялык сыр дешүүдө. Негизи алар тергөө сураган ар бир документти көрсөтүүгө милдеттүү. Андыктан мен судьядан ошол документтерди алдырууну өтүнмө кылам", - дейт Калиев.