Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда. Анда жактоочулар судья Ирина Воронцовага өз өтүнмөлөрүн келтирүүдө.
Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов сот далил катары бир гана тергөө чогулткан материалдарды негиз кылып жатканын айтты.
"Мамлекеттик айыптоочулар биздин жакталуучулардын айыбы болсо, далилдеп беришсин. Судья бизге күнөөсүз болсоңор аны далилдөөгө тоскоолдук болбойт деген. Бирок процесс бир жактуу өтүүдө. Биздин келтирген негиздерибиз, өтүнмөлөрүбүз, иликтөөлөрүбүз эске алынган жок. Мен далилдерди иликтөөнү улантууну суранам. Сот биздин материалдар менен дагы таанышышы керек. Болбосо мындай жагдайда кандай чечим чыгат экени деле белгилүү да", - дейт жактоочу Токтакунов.