ЖЭБ соту. Артыкбаевдин жактоочусу судьяга 16 өтүнмө даярдап келгенин айтты

Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда. Анда мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Нурлан Садыков судьяга өз өтүнмөсүн келтирүүдө. Жактоочунун айтымында судьяга ал 16 өтүнмө келтирет.

Жетинчи өтүнмөсүндө жактоочу биринчи инстанциянын соту Артыкбаевди ЖЭБди жаңылоодогу подрядчикти тандоого таасири болгон деген айыбы негизсиз экенин айтат.

"Биринчиден, Артыкбаев Энергетика министрлигине келгенде долбоор боюнча подрядчик тандалып калган. Демек Артыкбаев бул процесске таасир берди деген айып негизсиз. Экинчиден, Артыкбаев башкалар менен жең ичинен сүйлөшүп алган деген айып эч кандай далил менен бекитилген эмес. Буга ошол кездеги иштин хронологиясын карап чыксак эле күбө болобуз. Андыктан судьядан ЖЭБ иши боюнча хронологияны карап чыгууну жана долбоордун башка катышуучулары менен жең ичинен сүйлөшкөн деген негизсиз айыпты жокко чыгарууну өтүнмө кылам", - дейт жактоочу Садыков.

Судья Ирина Воронцова соттук коллегия менен кеңешип туруп жактоочунун өтүнмөсүнөн баш тартты. Эске сала кетсек, соттук коллегияда Нурлан Кожомбердиев жана Нурбек Эсеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jaznura
2020-03-09 16:51:04
Осмон Артыкбаев өзүнүн күнөөсүз экенин далилдеп жатат. эмнеге Сапар менен Айбек ушундай кыла албайт.
0
robot111
2020-03-09 16:52:51
ЖЭБ чуусу боюнча Атамбаев дагы жооп бериши керек. Ошол маалда кыңыр иштердин баары болду. Олко башчы катары козомолго алыш керек болчу. Эл дагы аны жакшы билет. Тийишттүү деңгээлде өз жазаларын алышы шарт. Сапар болсо абакта отурат.
+1
Erik2018
2020-03-09 17:12:27
Уурулар каргана бербегиле көп
-1
Kuban-1207
2020-03-09 18:12:40
Артыкбаев аябай коп жеген
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан