Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда. Анда мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Нурлан Садыков судья Ирина Воронцовага өз өтүнмөлөрүн келтирип жатат. Жактоочунун айтымында тергөө Энергетика министрлигине тиешелүү эмес жыйынтык чыгарган.
"Долбоордун курулушуна тиешелүү иштердин баары Энергетика министрлиги эмес, Мамлекеттик курулуш агенттигинин компетенциясындагы иш болгон. Алардын кызматкерлеринин жоопкерчилигин тергөөчүлөр Артыкбаевге тиешелүү кылып койгон. Артыкбаев ЖЭБ жаңылоодон өтүп, эксплуатацияга берилерде жана доолбор башталгыча кызматта турган эмес", - дейт жактоочу.
Буга Сапар Исаков өтүнмөнү колдоорун айтып, тергөөчүлөр күндү түн, түндү күн кылып алмаштырып жатканын кошумчалады. Судья тараптардын оюн угуп туруп, жактоочунун бул өтүнмөсүнөн баш тартты.