Пара менен кармалган салык кызматкерлери кызматтан бошотулду

Пара талап кылуу фактысы боюнча кармалган Ленин райондук мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

"Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын 3 кызмат адамы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка 9-мартта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду. Тактап айтканда, Ленин районунун салык органынын башчысы, бөлүм башчысы жана башкы инспектору ээлеген кызматтарынан бошотулду. Аталган салыкчылар кызыкчылыкка ээ тарап катары, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана жөнгө салуу боюнча өз убагында тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн, ошондой эле УКМК тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кармалгандыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулушту", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Ленин райондук Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалганы тууралуу жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
talas0707
2020-03-09 22:58:19
Бизде ушул жон эле бошотуп койот. Камаш керек жана толотуш керек жок дегенде 5 жыл жумушка албаш керек. А бизде, куйгузот да...
0
Islambek123
2020-03-09 23:27:41
Ушул кантип болсун?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан