Жактоочу Садыкова Артыкбаев "Неман фармдын" катышуучусу болбогондуктан андан арест алууну өтүндү

Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда. Отурумда мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Рабига Садыкова судьяга өтүнмө келтирди. Анда жактоочу "Неман Фарм" ЖЧКсынан арест алууну жана бул жөнүндө материалды ишке тиркөөнү өтүндү. "Биринчи инстанцияда Артыкбаевдин иши каралып жатканда, айыптоочу тарап үй-мүлктү конфискациялоону суранган эмес. Судья адашып жазанын бул бөлүгүн киргизип алган. "Неман фарм" тууралуу айтсак Артыкбаев анын катышуучусу эмес, андыктан ага коюлган арест негизсиз деп ойлойбуз", - дейт жактоочу.

Судья Ирина Воронцова соттук коллегия менен кеңешүү аркылуу жактоочунун материалдарды ишке тиркөө жөнүндө бөлүгүнүн аткарылышына макул болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан