Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин комитетинде Тышкы иштер министрлигинин отчёту каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы Чыңгыз Айдарбеков жасайт. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында мындан тышкары дагы 8 маселе талкууланат. "Курал жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору, "Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамынын долбоору жана башка маселелер каралат.