Абылгазиев митингдин жүрүшүндө жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тынчтык митингинин жүрүшүндө жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы тараптарды жарандардын катышуусундагы акцияларда чыр-чатакка жол бербөөгө чакырат.

"Биздин эл аялдарга өзгөчө сый мамиле кылып, салттуу баалуулуктарды сактап келген. Үй-бүлөдөгү жана коомдогу айымдардын ролу дайыма өзгөчө болуп келген. Биз бул баалуулуктарды бүгүн да сактап, сыйлашыбыз керек. Укук коргоо органдары тынч жарандарды коргоо жана чыр-чатактарга жол бербөө үчүн акыркы чараларды көрүүгө тийиш. Ал эми акциялардын уюштуруучулары катышуучулардын алдындагы жоопкерчилигин сезип, чагымчылдыкка жол бербөө үчүн бардык кадамдарга баруусу зарыл", - деп белгилеген өкмөт башчы.

Ошондой эле Абылгазиев Ички иштер министрлигине акцияларды өткөрүү учурунда мыйзам чегинде тартипти камсыздоону тапшырды.

Азыркы тапта феминисттер Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында акция өткөрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан