Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева ички иштер министри Кашкар Жунушалиев отставкага кетсин деди

Бүгүн, 10-мартта феминисттер кайрадан "Аялдардын тилектештиги" деп аталган жүрүшкө чыгышты. Алар бул жүрүш менен аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы экенин билдиришет.

Бул акцияга Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева да колдоочу катары келди. Ал өз сөзүндө буга чейинки жөө жүрүштүн милиция кызматкерлери тарабынан таратылганын сындап, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев отставкага кетиши керек деди.

"Бизди дүйнөлүк басылмалар биринчи бетине жарыялап жазгандан кийин ички иштер министри отставкага кетиши керек деп ойлойм. Абийирибиз төгүлдү. Биз он жылдап өлкөбүздүн демократиялык имиджин түзүп, аны кармоо үчүн аракет кылдык. Анан эле бир күнү ушинтип чакалап төгүп салыш керекпи? Менимче, эл дагы, өлкө дагы буга жол бербейт. Биздин демократиялык имиджибиз гана бар.

Кыргыз өлкөсү көп мамлекеттердин арасынан аялдарга жана балдарга карата зомбулукка кабылган эң алдыңкы орунда турат. Биз эмнеге ушуга намыстанбайбыз? Эмнеге кыйкырып, ажылдап ушул жакка келип жатабыз?" - деди ал.

Буга чейин алар 8-мартта "Жеңиш" аянтына маршка чыгышкан болчу. Бирок жүрүш башталар алдында калпак кийип, бет кап тагынган 20 чакты эркек киши келип, плакаттарын тартып алып, өздөрүн таратуу аракетин көрүшкөн. Милиция жүрүшкө чыккан активисттерди кармап кеткен болчу. Коомчулуктун бир бөлүгү алар чектен ашып баратышкан десе, бир бөлүгү биз бардык адамдардын үнүн угууну билишибиз керек деген ача пикирлер жаралган.



Феминистердин митингине Роза Отунбаева да келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан