Бүгүн, 10-март күнү Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында өткөн тынчтык митингинде мыйзам бузуулар аныкталган жок. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын билдиришти.
"10-март күнү өткөн тынчтык митинги аягына чыкты. Митингге 250-300 киши катышып, мыйзам бузуу же өзгөчө кырдаал аныкталган жок. Акциянын уюштуруучулары кечээ шаардык милиция кызматын бүгүнкү митинг тууралуу маалымдашкан. Бишкек ШИИББинин кызматкерлери акциянын катышуучулары менен шаардыктардын коопсуздугун камсыздашты", - деп жазылат маалыматта.