Дыйкандар үрөн чарбаларынан сертификацияланган үрөндү базар наркынан 30 пайызга арзан баада сатып алса болот. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.
“Быйыл үрөнчүлүк тармагына 65 миллион сомдук колдоо көрсөтүлүүдө. Ага ылайык, дыйкандарды үрөн менен камсыздоо 84 пайызга чейин жеткирилишине аракет кылуудабыз. Ошондой эле 2021-жылы Орусиянын Омск, Челябинск облустарына үрөн экспорттоо пландалып жатат”, - дейт ал.
Мындан тышкары Жаныбек Керималиев дыйкандарды үрөн жактан колдоо программасы "Үрөнчүлүктү мамлекеттик дотациялоо" мыйзамынын негизинде ишке ашып жатканын кошумчалады.