8-мартта аялдардын зомбулукка каршы маршка катышкан активист аялдарды милиция кызматкерлери кууп таркатып, айрымдарын кармап кетишкен. Бул көрүнүш коомчулукта талкууга алынып, айрымдары укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сындашса, кээ бирлери маршка катышкан аялдарды сындап жатышат. Ошол эле учурда ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин отставкасын талап кылгандар дагы бар. Бүгүн Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Кашкар Жунушалиев кызматтан кетиши керектигин айтты.
Мындан улам SUPER.KG порталы "8-мартта маршка чыккан аялдарды милиция кызматкерлери кармап кетти. Мындан улам ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кызматтан кетүүсү талап кылынууда. Кашкар Жунушалиевдин отставкага кетүүсүнө негиз барбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев 8-мартта маршка чыккан аялдарды камагыла деп ким буйрук бергенин териштириш керектигин билдирди.
"Бардык нерсе укуктук талаада болушу шарт. 8-март аялдардын күнү. Соттун митингге тыюу салуу чечимин Башкы прокуратура жана шаардык сот жокко чыгарды. Ошондо соттор Конституцияны карабай чечим чыгардыбы? Ушундай суроолор жаралып жатат. Бардыгы такталышы керек. Кашкар Жунушалиев камагыла деп буйрук бердиби же ким берди тактап туруп, мындайга жол бергендер жазасын алышы керек. Ким тарабынан буйрук берилгени териштирилиши зарыл", - дейт Аалы Карашев.