2009-жылдан кийин сугат айдоо жерлеринде турак үйлөр салынып жана бөлүнүп кеткен жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыгып, өкмөттүн кароосуна киргизилди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Чүй облусунун Сокулук районундагы Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Жолугушууда биринчи вице-премьер чогулган жергиликтүү элге президенттин жерлерди трансформациялоо маселелерин чечүү багытындагы тапшырмасын аткаруу максатында жер участокторун бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кеңири маалымат берди.
Өкмөт 2009-жылга чейинки сугат айдоо жерлеринде турак үйлөр салынып калган жерлерди мыйзамдаштырууну колдоп, 2018-жылдын 2-августунда мыйзам кабыл алынып, бүгүнкү күндө белгиленген тартипте жерлерди которуу процедуралары жүргүзүлүүдө.
«Айыл чарба министрлиги тарабынан 2009-жылдан кийин сугат жана айдоо жерлеринен берилип, турак үйлөр салынып калган жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыгып, өкмөттүн кароосуна киргизилди. Өкмөт социалдык абалды эске алуу менен бул мыйзам долбоорун колдойт жана Жогорку Кеңешке жиберет. Буга чейин маалымат алмашууда Жогорку Кеңештин төрагасы жогорудагы мыйзам долбоорун колдой турганын билдирген», - деди биринчи вице-премьер.
Жолугушуунун жүрүшүндө Сокулук районунун акимине социалдык объекттерди куруу максатында Ак-Ордо конушундагы 18 гектар жер аянтын трансформациялоого даярдоо боюнча иш алып баруу тапшырмасы берилди.
«Бүгүнкү күнгө чейин жер тилкесин мыйзамдаштыра албай келген жарандар бар. Ушундан улам алар үчүн тиешелүү жашоо шарттары толук кандуу түзүлбөй келген. Мектеп, бала бакча, бейтапкана, жол, таза суу сыяктуу бир катар социалдык жана инфраструктуралык маселелер орун алат. Өкмөттүн бүгүнкү чечими жарандарыбызга ошол шарттарды түзүп берүүнү өбөлгөлөйт», - деди Кубатбек Боронов.
Ошондой эле жолугушууга келген тургундар биринчи вице-премьерге жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө суроолорун узатышып, жооп алышты. Кубатбек Боронов өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилигине коомдук унаа каттамдарын киргизүү маселесин караштырууну тапшырды.
Маалымат үчүн: Жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзамды ар тараптуу кароо жана республика боюнча канча гектар жер аянты ушул мыйзамдын алкагында трансформациялана тургандыгы тууралуу маалыматты тактоо максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.
Негизинен жумушчу топ Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорунда, Ош облусунун Кара-Суу районунда жана Ош шаарынын чегинде жайгашкан 14 айыл аймактын жана 1 шаардын аймагындагы 97 контурда жайгашкан 3760,45 гектар жер аянтын изилдеп, тактап чыкты. Анын ичинен: Аламүдүн району боюнча 1615,42 гектар, Сокулук району боюнча 1569,40 гектар сугат айдоо жерлерине турак-жайлар курулуп жана бөлүштүрүлүп кеткендиги аныкталды. Анын ичинде 900 гектар жакын жер аянты Ак-Ордо конушунун аймагында жайгашкан.