Парламентте Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык уюмдардын алдындагы карыздары көп экени айтылды

Жогорку Кеңештин комитетинде кыргыз өкмөтү менен соода жана өнүктүрүү БУУнун конференциясы ортосундагы Финансы министрлигине карыздарды башкаруу жана финансылык анализ программасын киргизүү боюнча макулдашуу долбоорун жыйындын күн тартибинен алынып салды.

Финансы министринин орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегиндин айтымында, долбоордун максаты өлкөнүн сырткы жана ички карыздарын башкаруунун сапатын жакшыртууга шарт түзөт.

Депутат Каныбек Иманалиев Кыргыз мамлекетинин эл аралык уюмдардын алдындагы карыздары көп экенин эске салып, аларды кылдат иликтеп чыгуу жана аларды азайтуу боюнча иштиктүү чараларды көрүү зарылдыгын айтты. "Мисалы, Кыргыз өлкөсү эл аралык уюмдарга ылгабай эле мүчө боло бериптир. Кыргыз мамлекети Гаага сотуна 16 миллион доллар карыз. Мунун баарын тактап чыгышыбыз керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
talaa11
2020-03-11 10:30:30
Карызды карапайым эл алып аткан жери жок. Ошол карыздардын баардыгын силер алып атасынар, жей берип же тойбодунар же олбодунор
+1
Jelezo
2020-03-11 12:01:12
talaa11, бул карызга акча алган эмес мүчөлүк акыдан карыз төлөбөй жүрө беришкен.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан