Депутат Дастан Бекешев коронавируска байланыштуу эл өкүлдөрүнүн чет мамлекетке болгон иш сапарларын токтотууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Башка өлкөнүн депутаттары коронавирусту бири-бирине жугузуп жүрүшөт. Бизде кээ бир депутаттар ошого карабастан иш сапарга чыгып жатышат. Эл өкүлдөрүнө чет мамлекетке болгон иш сапарларына тыюу салуу керек. Кээ бири Германияда жүрүшөт. Жогорку Кеңешке болгон экскурсияны токтоттук, депутаттардын иш сапарын дагы токтотуу зарыл. Келгенде карантинге жатышсын. Ушундай буйрукту чыгарсаңыз. Дүйнөдө көпчүлүк парламент ушундай чечимге келип жатышат", - дейт Бекешев.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков сунуш эске алына турганын айтты. "Бүгүнкү күндө республикалык штаб иштеп жатат. Ал жерде бардык буйруктун негизинде иш жүрүүдө. Азыркы учурда Жогорку Кеңешке чектөө киргизип жатабыз. Мурункудай сырттан келген конокторду, айылдык кеңештин депутаттарын, окуучуларды, студенттерди кабыл алчубуз, азыр токтотулду. Депутаттардын башка мамлекетке чыгуусун дагы токтотууну сунуштап жатабыз", - дейт төрага.