"Семетей" пунктунда кошумча 30 орундуу жандандыруу бөлүмү даярдалды

Республикалык штабдын койгон тапшырмасына ылайык жана өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде "Семетей" пунктунда (мурдагы "Ганси" авиабазасы) кошумча 30 орундуу жандандыруу бөлүмү даярдалды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, бардык коммуникациялык шарттары каралган (суу, электр энергиясы, канализация). Мындан тышкары жарандарга дем алууга керектелүүчү суюк кислород берүүчү концентраторлорду орнотуу иштери жүргүзүлдү.

Учурда бир эле мезгилде бейтаптар жаткан 112 орун кычкылтек концентратору менен камсыздалууда. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров “Семетей” пунктунда жаткан жарандарга, аларды тейлеп жаткан медициналык персоналдын, ӨКМнын, ИИМдин кызматкерлеринин кошумча шарттарын жакшыртуу максатында тиешелүү меселелерди чечүү үчүн жеринде иш алып барды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан