SUPER.KG порталына окурмандар кайрылып, Бишкек шаарындагы Свердлов районундагы №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна чалганда, башка эле абонент алып жатканын билдиришкен. "Ал абонент Ысык-Көлдөмүн, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна такыр тиешем жок деп жооп берди. Үй-бүлөбүздөн бирөө ооруп жатканына байланыштуу кеңеш сурайлы деп чалганбыз", - деди окурман.
Биз штаб тараткан номерлерге байланышканыбызда, чын эле ал номерди башка жаран алып, эч нерсе сурай электе эле "адаштыңар" деп жооп берди. Бул ага чейин да көп чалуулар болгонунан кабар берди. Ал эми №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун республикалык штаб тараткан номери өчүк болуп чыкты.
Бул боюнча Бишкек шаардык мэриясына байланышып, номерлерди салыштырып көргөнүбүздө, штаб тараткан номерлерде бир сан туура эмес жазылып калганы белгилүү болду.
"Биз №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан эмне үчүн байланыш номери өчүк болгонун тактап жатабыз. Ал эми №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна чалганыбызда, өздөрү эле жооп берип жатышат. Бирок штаб тараткан номерде айырма бар экен, биз аларга кайрылабыз, байланыш номерлери оңдолот", - дешти мэриядан.
Төмөндө Свердлов районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун байланыш номерлери:
Жалпы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору: 0701 103 002,
№4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору: 0701 103 001,
№8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору: 0701 103 003,
№9 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору: 0701 103 004,
№10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору: 0701 103 007.