Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда.
Анда тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Алгач жарыш сөзгө мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеев чыккан.
Мамлекеттик айыптоочу биринчи инстанциянын соту ЖЭБ иши боюнча негизги фигуранттарга, тагыраагы, мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиевге, Сапар Исаковго, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиевге карата жумшак өкүм чыгарганын белгилеген. Ошондой эле айыптоочу ЖЭБ иши боюнча өтүп жаткан башка фигуранттарга карата дагы жеңил жаза берилип, үй-мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты аркалоого чектөө коюу жана мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу сыяктуу маанилүү беренелер колдонулбаганын айткан.
Жарыш сөздүн аягында Эрнест Асакеев судьядан Жантөрө Сатыбалдиевге үй-мүлкүн конфискациялоо жана бардык мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу менен 11 жыл 3 ай, мурдагы финансы министри Ольга Лаврованы үй-мүлкүн конфискациялоо жана бардык мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу менен 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранды.