Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда.
Анда тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Алгач жарыш сөзгө мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеев чыккан.
Мамлекеттик айыптоочу биринчи инстанциянын соту ЖЭБ иши боюнча өтүп жаткан фигуранттарга карата жеңил жаза берилгенин белгилеп, шаардык соттон мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду 15 жылга, "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиевди 17 жылга эркинен ажыратууну, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге 11 жыл 3 ай жаза мөөнөтүн берүүнү, депутат Осмонбек Артыкбаевге кошумча жаза катары мамлекеттик кызматтарды ээлөө жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратууну, мурдагы финансы министри Ольга Лаврованын 3 миллион сом айып пул төлөө жазасын жеңил деп эсептеп, күнөөлүү деп табуу менен 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранды.
Ошондой эле мамлекеттик айыптоочу "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго карата кошумча жаза катары мамлекеттик сыйлыктардан ажыратууну суранды. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов биринчи инстанциянын чыгарган өкүмүнө кошумча үй-мүлкүнөн ажыратууну суранды.