Кечээ, 10-мартта Кыргыз өлкөсүндө доллар кескин кымбаттады. 1 доллардын баасы 3-4 сомго жогорулады. Соңку 3 жылда доллардын сомго карата курсу дээрлик туруктуу 69-70 сомдун тегерегинде сакталып келген.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн маалымат жыйын берип, сомдун курсунун мындан ары төмөндөшүнө фундаменталдуу себеп жоктугун айтты. Ал коронавируска байланыштуу анча-мынча түзүмдүк өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирди. Бул кыска мөөнөткө гана созуларын кошумчалады.
SUPER.KG порталы "Доллар кескин кымбаттоодо. Мындай кризиске өкмөт даярбы? Бул өңдүү каатчылыктан кантип чыгуу керек?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов дүйнөлүк деңгээлде чоң кризис болуп жатканын белгиледи.
"Коронавируска байланыштуу мунайдын баасынын төмөндөшүнөн улам доллар көтөрүлүп жатат. Менин түшүнүгүм боюнча, бул башталышы гана. Доллар дагы кымбатташы мүмкүн. Кыргыз мамлекети доллардын курсун жасалма түрдө кармап турат. Азыр дагы Улуттук банк доллардын курсун жасалма түрдө кармаганга аракет кылып жатат. Бул канчага чейин созуларын азыр эч ким айта албайт. Өкмөттүн болгон ыкмасы ушундай", - дейт Сулайманов.