Кечээ, 10-мартта Кыргыз өлкөсүндө доллар кескин кымбаттады. 1 доллардын баасы 3-4 сомго жогорулады. Соңку 3 жылда доллардын сомго карата курсу дээрлик туруктуу 69-70 сомдун тегерегинде сакталып келген.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн маалымат жыйын берип, сомдун курсунун мындан ары төмөндөшүнө фундаменталдуу себеп жоктугун айтты. Ал коронавируска байланыштуу анча-мынча түзүмдүк өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирди. Бул кыска мөөнөткө гана созуларын кошумчалады.
SUPER.KG порталы "Доллар кескин кымбаттоодо. Мындай кризиске өкмөт даярбы? Бул өңдүү каатчылыктан кантип чыгуу керек?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова доллар эл аралык экономикага байланыштуу көтөрүлүп жатканын айтты.
"Коронавируска байланыштуу Орусияда, Казакстанда бардык коңшу мамлекеттерде азыр экономикалык кырдаал начарлап жатат. Ошондуктан мындай учурда доллардын курсун бир калыпта кармаган өтө оор. Ошол эле Кыргыз мамлекетинде болгон долларды коңшу мамлекеттен келип алып кетиши мүмкүн. Мындайча айтканда доллардын көтөрүлгөнү туура болду. Улуттук банк мындай кырдаалга даяр экенин билдирди. Азырынча доллар өспөйт деп айтышты", - дейт Мамашова.