Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралды.
Учурда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов сөзгө чыкты.
"Объективдүү жана субъективдүү далилдердин жоктугуна токтолсок, коррупция өзү бул кылмыш эмес, ал коомдук көрүнүш. Коррупция боюнча айып коюлганда дагы конкреттүү бир фактыга, коррупция жасап жатканда кармап алган учурга, конкреттүү далилдер болгондо коррупция аныкталмак. Мисалы, Мусажан Макелек фигуранттардын бирине материалдык каражат которсо же колуна берип жатканда кармалып калса буга "коррупция" беренеси боюнча айып тагылса болмок. Бул иште бир дагы объективдүү жана субъективдүү далилдерди, фактыларды көргөн жокмун. Силер "коррупция" беренеси боюнча айып тагуудан корккон жоксуңарбы? Мен мисалы сот эмесмин бирок кылмыштын курамы жок адамдарга бул берене боюнча айып тагуудан коркмокмун", - дейт Токтакунов.
Мындан тышкары жактоочу ЖЭБ иши боюнча мурун 54 том болсо, азыр 100 томго жакындап калганын кошумчалады.