“Аккула” ат майданында 29-30-август күндөрү “Кыргыз тулпарлары” аталышындагы аттардын көргөзмөсү болот. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Анда Кыргызстандагы аттардын түрлөрү коюлмакчы. Иш-чаранын алкагында “Кыргыз аттары. Күч. Таяныч. Сүйүү” аттуу сүрөт сынагы өткөрүлөт. Ошондой эле 30-августта ат чабыш да болмокчу.