«Чек ара маселелери жергиликтүү элдин пикирлерин эске алуу менен чечилиши керек» деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Баткен облусунун Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушуусунда суроолорго жооп берип жатып.
Чек ара маселелерин чечүүнүн үч жолу бар экенин белгиледи. Биринчиси — маселени чечпей тим коюу. Экинчиси — маселени күч менен чечүү, качан эки тарап бири-бирине компромисске барбай, согуштук конфликт жолу менен чечилиши. Үчүнчүсү — маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү.
Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдарда бул багытта тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жандандырылып, активдешкенин эске салды. Эки тарап тең бири-биринин аргументтерин эске алуу менен конструктивдүү диалогго ыктап жатышканын кошумчалады.
«Бардык көйгөйлөр жергиликтүү элдин пикирлерин эске алуу менен чечилиши керек. Чек аранын бекемдиги — армиянын күчү менен гана эмес, ушул жерде жашаган элдин эрки, мекенине болгон патриоттук мамилеси менен өлчөнөт. Албетте, сүйлөшүү процесси убакытты талап кылат жана кыска мөөнөттө эле бүтө калбайт. Андыктан бизден акыл-эстүүлүк гана эмес, сабырдуулук да талап кылынат», - деди президент.
Мамлекет башчысы баткендиктерди кырдаалды курчутуу үчүн гана пайда боло калып, кайра жок болуп кеткен, Баткен облусу менен эч кандай байланышы болбогон ар кандай кызыкдар тараптардын чагымчылдыгына алдырбоого чакырды. Жыйынтыгында көйгөйлөрдүн залакасын ушул эле чек ара райондорунун карапайым эли тартып калууда.
Сооронбай Жээнбеков өз ишмердүүлүгүндө Баткен облусу өзгөчө маанилүү экенин дагы бир жолу баса белгиледи. Чек ара аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө мындан ары дагы көңүл буруларына ишендирип өттү. «Мен үчүн өлкөбүздүн ар бир аймагы чоң мааниге ээ. Баткен болсо менин жүрөгүмдө өзгөчө орунду ээлейт», - деп сөзүн жыйынтыктады Жээнбеков.
Кечээ, 10-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Баткен чек ара отрядына барган.