Депутат Кубанычбек Нурматов өкмөт Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине азык-түлүктөрдүн баасын көтөрбөй кармап туруу боюнча тапшырма бериши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Дүйнө жүзү боюнча кризистин башы башталдыбы деп ойлоп жатам. Өкмөт Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине азык-түлүктөрдүн баасын көтөрбөй кармап туруу боюнча тапшырма бериши керек. Ун, майдын баасын көтөрбөгөнгө чакыруусу зарыл. Бааны бирдей кармаганга аракет кылсаңар туура болот эле", - дейт Нурматов.