Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус коронавируска байланыштуу абалга пандемия деп мүнөздөмө берди. 11-мартка карата дүйнөнүн 114 өлкөсүндө коронавирус катталды, ооругандардын саны 118 миңден ашуун, каза болгондордун саны 4 миң 291. Республикалык штабдан Кыргыз өлкөсүндө коронавирус катталбаганын билдирип келишет.
SUPER.KG порталы "Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп, аталган инфекция катталган өлкөлөрдүн саны 114кө жеткенин жарыялады. Кыргыз мамлекетинде коронавирус жок дегенге дагы деле ишенип жатасызбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев өлкөдө коронавирус жок дегенге ишене турганын айтты.
"Республикалык штабдан коронавирус келбегенин билдиришти. Бизде жок деп айта алам, Кудай сактасын. Алардын кылып жаткан жумуштарында мүчүлүштүктөр бар экенин айтып жатабыз. Эгерде кандайдыр бир себептер менен коронавирус кирип калса министрди, вице-премьерди кетиргенден коронавирустан кутула албайбыз. Премьер-министр жеке өзү жооп берип калат. Коронавирусту киргизбегенге толук шартыбыз бар. Коронавируска каршылыкты көрсөтүшүбүз керек. Тойлорго, масштабдуу иш-чараларга тыюу салынды, бирок өтүп эле жатат. Өкмөттүн тыюу салганы кагаз түрүндө калып, аткарылбай жатат", - дейт Марлен Маматалиев.