Жактоочу: "Равшан Жээнбеков чындык үчүн күрөшүүгө даяр экенин айтты"

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков чындык үчүн күрөшүүгө жана Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптар негизсиз экенин далилдеп берүүгө даяр экенин жактоочусу Замир Жоошевге айткан. Бул тууралуу жактоочу социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

"Кечээ СИЗО-1 ге барып, Равшан Жээнбековго жолугуп келдим. Саясатчы аны колдоп жаткан бардык адамдарга ыраазычылык билдирди. Ал өзүн жакшы сезип жатканын айтып, саясатка, экономикага жана кылмыш ишине байланыштуу ЖМКлардын бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин билдирди", - деген Жоошев.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча кармалган. Ал учурда 7 берене менен айыпталууда. Анын арасында "барымтага алуу", "массалык баш аламандыкты уюштуруу", "бийликти мыйзамсыз басып алууга аракет жасоо" беренелери бар. Анын бөгөт коюу чарасы 9-апрелге чейин узартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bratanyn
2020-03-12 19:43:41
Чындык үчүн баарыбыз күрөшөбүз.Сиз эми эсиңизге келдиңизби?
+1
Dembele84
2020-03-12 19:55:46
Чындык учун деп сайраганы менен бир толк болсо олойун,постоянно бир нерсеге башын тыгып жыйынтыгы жок
+1
Mirlan27011987
2020-03-12 22:29:36
Сооронбайдын колунан эч нерсе келбегени учун ар кимди каматып жатат да.
-1
Center
2020-03-13 19:04:55
Кайсы чындык үчүн?))) Же гей лесбилерге эркиндик бериш деген чындыгы үчүн күрөшөбү?)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан