Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус коронавируска байланыштуу абалга пандемия деп мүнөздөмө берди. 11-мартка карата дүйнөнүн 114 өлкөсүндө коронавирус катталды, ооругандардын саны 118 миңден ашуун, каза болгондордун саны 4 миң 291. Республикалык штабдан Кыргыз өлкөсүндө коронавирус катталбаганын билдирип келишет.
SUPER.KG порталы "Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп, аталган инфекция катталган өлкөлөрдүн саны 114кө жеткенин жарыялады. Кыргыз мамлекетинде коронавирус жок дегенге дагы деле ишенип жатасызбы?" деген собол салды.
Журналист Элнура Кулуева коронавирус дүйнө коомчулугун дүрбөлөңгө салып жатканын белгиледи.
"Бардык өлкө элинин саламаттыгын ойлоп жатат. Ушул убакта бул оору катталса да, катталбаса да чараларды, аракеттерди көрүшүбүз керек. Анткени чет өлкөдө эс алгандар, окуп жүргөн студенттер келип жатышат. Кайсы бир өлкөдөн туристтер келүүдө. Коронавирус чыкты дегенде Саламаттыкты сактоо министрлигинин күч аракеттери билинген жок. Канча деген маалыматтар социалдык тармактарга чыгып жатса дагы эч кандай реакция болбой, жаап-жашыруу болгону бизди чочулатты. Ата-энелер балдарыбызды мектепке жиберебизби деп коркуп жатышат. Кечээтен баштап маршруттук таксилерди дезинфекциялап жатышат. Дезинфекция жүргүзүп жаткан адамдарда бет кап жок, кийген кийимдерин көрүп мен чочулап жатам. Бүгүн депутаттар окуучуларды, студенттерди каникулга чыгаруу боюнча жакшы маселе көтөрдү. Кыргыз өлкөсүндө катталбай эле койсун деп тилейбиз. Бирок ошол эле учурда Арстан Алайга ишенип албашыбыз керек да. Коронавирус катталбаш үчүн болгон аракеттерди кылуу керек", - дейт Кулуева.