Коронавирустан улам Кыргыз өлкөсү Иран менен авиакаттамын токтотту

Коронавируска байланыштуу Кыргыз өлкөсү Иран менен аба каттамын токтотту. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигине караштуу жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышов бүгүн, 12-март күнү парламент жыйынында билдирди.

"Жаңы жылдын алдында Тегеран-Душанбе-Бишкек-Тегеран авиакаттамы ачылып, ийгиликтүү жүргүзүлүп баштаган. Коронавируска байланыштуу каттам кайра убактылуу токтотулган", - деген Акышов.

Маалыматты "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматчысы тактап, төмөнкүдөй кошумча маалымат берди. "2020-жылдын 3-февраль күнү "Манас" эл аралык аэропорту алгачкы Тегеран-Душанбе-Бишкек-Тегеран каттамын тосуп алган. Коронавирус эпидемиясы күч алгандан кийин ошол эле айда каттам убактылуу токтотулган".

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jalguzum
2020-03-12 22:22:25
Кытай менен токтотсун биринчи
0
airada
2020-03-12 22:33:23
Эми токтоттубу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан