21-июлга карата алынган маалымат боюнча, Бишкек шаарындагы №2 клиникалык төрөт үйүндө COVID-19 илдетине чалдыккан 55 эне дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 14 кош бойлуу аялдан коронавирус инфекциясы лабораториялык жактан тастыкталса, 41инен пневмония аныкталган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарылоо башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашеванын маалыматы боюнча, 7-марттан 15-июлга чейинки аралыкта №2 клиникалык төрөт үйүнө 257 кош бойлуу айым кайрылган. Алардын ичинде Бишкек шаарынан - 172, Чүй облусунан – 64, Жалал-Абад облусунан – 5, Баткен облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 6, Талас облусунан – 3, Ош облусунан – 2, Ош шаарынан – 1 жана Нарын облусунан – 1.