Президент Сооронбай Жээнбеков менен Катардын эмири эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты

Кечээ, 12-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчылар эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тараптар үстүбүздөгү жылга карата эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыштарды кеңейтүү боюнча орток пландарды белгилешти. Катар тарап Кыргыз мамлекетинде социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлүүгө, ошондой эле өлкөнүн экономикалык долбоорлорун инвестициялоого даярдыгын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Таниге эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн ыраазычылык айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан