Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу Президенттик аппараттан билдиришти.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 20-февралында кабыл алынган. Ага ылайык, Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз өлкөсү тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Маалымат катары: Жогоруда аталган макулдашуулардын алкагында Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз өлкөсүнө 100 миллион доллар кредиттик жана гранттык каражаттарды, анын ичинен 40 миллион доллары — грант түрүндө жана 60 миллион доллары — жеңилдетилген кредит түрүндө берет. Кредит жеңилдетилген мезгил — 8 жылды кошуп алганда 32 жылдык мөөнөткө берилет. Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоонун суммасы 160 миллион долларды түзөт. «Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу станциянын кубаттуулугун 20 пайызга кѳбѳйтүп, азыркы 180 МВттан 216 МВтка чейин жогорулайт жана жакынкы 35-40 жыл аралыгында электр энергиясын туруктуу генерациялоону камсыздоого мүмкүнчүлүк берет.