"Аламүдүн" базарында биздин көз алдыбызда эле кумшекердин баасы 3 сомго кымбаттап кетти" дейт окурман (фото)

"Аламүдүн" базарында биздин эле көз алдыбызда кумшекерге болгон баа 40 сомдон 43 сомго көтөрүлүп кетти" деп билдирет окурман SUPER.KG порталына.

Аталган базарга азык-түлүк алганы келген Адилет Бердибеков эл дүрбөлөңгө түшүп жатканын айтат.

"Биз "Аламүдүн" базарына эрте эле келгенбиз. Саат 17:00гө карата базардагы элдин саны суюла элек. Баары эле ун, кумшекер, жашылчаларды, май азыктарын алышууда. Айрым контейнерлерде ун менен күрүч жок калды. Эл 2-сорттогу ун болсо деле алабыз деп жүрүшөт. Айтор, сатуучулар сатып жетишпей жатат. Эл түштө бири-бири менен урушуп, аябай эле дүрбөлөңгө түшүштү. Бул коронавируска же чек аранын жабылышына байланыштуубу билбейбиз. Бийлик бул кырдаалды жөнгө салса жакшы болот эле" - дейт Адилет Бердибеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shef87
2020-03-14 18:33:04
Кымбаттаса албай койгула кайра тушот
+3
Samatalibei
2020-03-14 19:35:22
Өкмөт деген көзөмөл кылыш керек да ошон үчүн өкмөт болуп дайындалган! Мынтип ызы чуу боло берсек Вирустан эмес ачкадан олобузго!
+3
tihonkg
2020-03-15 09:22:59
Samatalibei,окмот эмне козомол кылбай тооашууну карап отурат дейсинби мээнди иштетип карасан окмоттун козомолу ошончолук болотта сага окшогондор дурбодуп атса, эл деген эл экенда , окмот жетишиу деседа болбой ажтышпайбы, асылганын окмот, китеп оку мээнди кругозорунду оркундоткун
0
talaa11
2020-03-14 19:56:00
Элдер Паникага алдырбагыла сураныч баары АЛЛАХТЫН колунда
+8
Bars88
2020-03-14 22:12:07
Коронавирус эмес эле унвирус болуп кетиптирго.Ачка калышканбы.Ун менен майды шыбанып жатышса вирус жукпайт экен.Ошо ун алгандар орубайт имиш
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан