Коронавирус дарты Антарктида материгинде катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Чили өлкөсүнүн Антарктидадагы O'Higgins Riquelme аттуу базасынын 36 кызматкеринен ухань вирусу аныкталган. Алардын 26сы аскер адамдары болсо, 10 адам жөнөкөй жарандар.
Учурда илдет аныкталган кызматкерлер эвакуацияланып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Чилинин түштүк аймагында карантинге алынган кызматкерлердин эч кимисинен илдеттин оор симптомдору байкалган эмес.
"Бул коронавирус дартынын Антарктида континентинде алгачкы ирет катталышы. Буга чейин Антарктидадан башка бардык континенттерде аталган илдет аныкталган", - деп айтылат маалыматта.