Коронавирус коңшу Казакстанга жетти деген кабар кыргыз элин тынчсыздандырды. 2 күндөн бери өлкөнүн бардык аймактарындагы тургундар азык-түлүктүн запасын камдап жатканы күчөдү. Мындан улам суроо-талап көп болгон тамак-аш продуктуларынын баасы жогорулап кетти. Айрым соодагерлер товардын баасын жогорулатып гана койбостон, түгөнүп калды деп сатпай коюп жаткан учурлар болууда. Аймактардагы тургундар базардагы көрүнүштөрдү, видеого жана сүрөткө тартып алышып, "бааны ким, качан көзөмөлдөйт?" деген суроолорун узатышууда.
Ошто кечээ, 14-мартта унга болгон бааны сатуучулар каалагандай жогорулатып алышты дейт окурман. Айтымында ун заводунан 1 кап унду 1550 сомго алган, бир сааттан кийин кайра барса 1800 сом болгон. "Эмнеге кымбаттап кетти дегенибизде, алсаңар алгыла, албасаңар койгула дешти. Ун заводунан чыгып, базарга барсак бир кап ун 1500 сомдон сатылып жатыптыр. Бааны ким көзөмөлдөйт?", - деди окурман.
Мындай көрүнүш Ош облусунун дээрлик бардык аймактарында орун алып жатканы окурмандарыбыздан келген билдирүүлөрдөн улам белгилүү болду.
14-мартка карата Жалал-Абад облусунда бир кап унга болгон баа 1700 сомду түзсө, бүгүн, 15-мартта 1800 сомдон сатылууда дейт окурман.
Таластын Көк-Ой айылынын тургуну 1 кап ундун баасы 14-мартта 2 миң сомго жеткенин айтат. Нааразычылыгын айткан окурман 2 миң сомго да ун алуу кыйынчылыкты жаратып, ун калбай калган дейт ал.
Ал эми Нарын облусунун Ат-Башы районундагы базарда дагы ун, кумшекер кымбаттаган. Баанын жогорулашы соодагерлердин чыгарган саясаты деп билдирет тургундар.
Бишкектеги азык-түлүктөрдү дүң жана чекене баада саткан базарларда дагы баалар жогорулады. Азык-түлүккө болгон суроо-талаптын көптүгү борбор калаадагы супермаркеттерде дагы байкалды. Кийинчерээк вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргыз өлкөсүндө азык-түлүктөрдүн, калк керектөөчү негизги товарлардын, тамак-аш продуктуларынын запасы жетиштүү экенин айтып, тынчсызданууга, бааларды көтөрүүгө негиз жок деп билдирген.