Саламаттыкты сактоо министрлиги медкызматкерлердин коргонуучу процедураларына өзгөртүү киргизди.
“Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүнкү күндө медициналык кызматкерлердин кайрылууларын эске алып, COVID-19 илдети менен күрөшүп жаткан кызматкерлердин атайын коргонуучу процедураларын карап, аларга өзгөртүү киргизди. Бул өзгөртүү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кеңешмелерине да дал келет”, - деп билдирди коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.
Атайын тобокелчилик деңгээлдери бекитилди.
Эгерде курч вирустук респиратордук оорулардын симптомдору жок, чет өлкөгө барбаган, COVID-19 илдети менен ооругандар менен байланышта болбогон тобокелчилик деңгээли төмөн болгон биринчи деңгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарында иштеген, тактап айтканда, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ФАП кызматкерлери жана башка стационарда иштеген медкызматкерлер атайын бир жолу колдонулуучу медициналык бет кап кийиши зарыл.
Тобокелчилик деңгээли орточо болгон, экинчи деңгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкерлерине оорунун симптомдору бар жарандар кайрылган учурда, төмөнкү каражаттарды колдонуусу зарыл: респиратор, коргоочу көз айнек, бетти калкалоочу калкан, коргочуу костюм же бир жолу кийиле турган медициналык халат, чепчик, кол кап жана алмаштырылуучу туюк бут кийим.
Тобокелчилик деңгээли жогору болгон, COVID-19 илдети менен ооруган же ага шектүү болгон бейтаптар менен иштеген медкызматкерлер, ошондой эле обсервацияда, мобилдик бригадада, "Тез жардам" кызматында иштегендер: FFP респираторлорун, коргоочу көз айнек, бетти калкалоочу калкан, коргоочу костюм, бир жолу кийилүүчү медициналык халат узун жеңи менен, бет кап, алмаштырылуучу туюк бут кийим анын үстүнөн бахила кийиши кажет.