Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган кеминде 25 бейтап жума күнү кечинде Делидеги ооруканада кислороддун аздыгынан көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Өкмөт бизге 3 жарым миң тонна кычкылтек берген. Аны жеткирүү саат 17:00гө чейин бизге келиши керек болчу. Бирок кычкылтек бизге түн жарымына жакын келди. Ошол убакта ооруканада кычкылтектин жетишсиздигинин айынан 25 бейтап көз жумган болчу", - деген Нью-Дели шаарындагы Jaipur Golden Hospital ооруканасынын башкы дарыгери Балужа.
Мындан тышкары бул өлкөдө коронавирус күчөп жаткандыгына байланыштуу кычкылтек өтө тартыш болуп жатат.
Индияда акыркы бир сутка ичинде 346 миң 786 адамдан коронавирус аныкталып, 2 миң 600 адам каза болгон. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.