Иранда коронавирусту аныктоочу тиркеме чыкты

Иранда коронавирусту аныктай турган тиркемени ишке киргизишти. Вирусту жуктурганын аныктоочу тиркеме делгени менен ал Ирандын миллиондогон тургундарынын кайда басып-турганынан маалымат берип туруучу тиркеме экени айтылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ирандын тургундарына Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан коронавирусту аныктоочу тиркемени көчүрүп алуу тууралуу билдирүү келген. "Урматтуу мекендештер, оорукана же медициналык борборго баруу алдында коронавирусту аныктай турган тиркемени көчүрүп, колдонуңуз. Тиркеме аркылуу сиз же жакындарыңыз коронавирус жуктурганын биле аласыз", - деп жазылган билдирүүдө. Тиркемеде оорунун белгилери тууралуу бир нече суроо берилген. Ошонун жообу аркылуу ооруканага кайрылуу керекпи-жокпу аныкталмак. Тиркеме коронавирусту аныктай албаса да жарандардын аты-жөнүн, жашаган дарегин, жайгашкан жерине чейин толук маалыматты чогулта алган. Азырынча канча жаран тиркемени көчүргөнү белгисиз. Бирок 11-мартта Ирандын маалымат жана коммуникациялык технологиялар министри Мохаммад Жавад Азари Жахроми 2 миллион 300 миң ирандыктар кайда жүргөнүн көрсөтүп турган картаны Твиттер баракчасына жүктөгөн. Мындан улам 11-мартка карата тиркемени 2 миллион 300 миң жаран көчүргөнү маалым болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин деле Иран өкмөтү жарандарын көзөмөлдөп турган тиркемелерди чыгарып келишкен. Алсак, 2018-жылы Телеграм мессенжери сыяктуу тиркемени чыгарып, аны 30 миллион жаран колдонгон. Кийинчерээк Телеграм мессенжеринин администрациясы мындай тиркемелер кооптуу экендигин жана бийлик өкүлдөрү андагы СМС билдирүүлөрдү окуй ала турганын билдиришкен.

Акыркы маалыматка караганда, учурда Иранда коронавирусту 13 миң 938 адам жуктуруп, 724 адам каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан