Оор кылмыштар катталган жок. Жалал-Абадда бир суткада 6 тургун коменданттык сааттын эрежесин бузуп кармалды

Бүгүн, 20-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана Жалал-Абад облусунун санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Дүйшөналы Курбаналиев өзгөчө абал кирген аймактардагы кырдаал, эпидемиологиялык абал боюнча жыйын берип жатышат. Онлайн жыйында комендант облус аймагындагы акыркы кырдаал боюнча маалымат берди. Маалыматка ылайык, облус аймагында 26 кылмыш иши катталып, коменданттык сааттын эрежесин 6 жаран бузган.

"Бир суткада Жалал-Абад облусунда жалпы 26 кылмыш иши катталды. Алардын арасында оор кылмыштар болгон жок.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча шаар жана райондук иштер боюнча бөлүмгө жалпы 99 киши алып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми коменданттык сааттын эрежелерин бузган 6 жаран кармалды. Тартип бузгандардын баары Жалал-Абад шаарында катталды", - деди Жеңишбек Жоробеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
men70
2020-04-20 15:02:20
Ишинизге ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан