"Өкмөттүн отчётуна органикалык аймак тууралуу маалыматты көз боёмочулук кылып жазуунун кереги жок" деп бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров билдирди.
"Отчётто өлкөнүн 3 облусунун 23 айылына органикалык аймак түзүлгөн деп жазылганы жалган маалыматпы? 6 миң тонна органикалык продукция өндүрүлгөн деп жазылган. Бул көз боёмочулукпу?" - деп сурады Бакиров.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлү отчётто BIO-KG органикалык кыймыл федерациясынан берилген маалымат жазылганын айтты. Ал республика боюнча 10 аймак иштеп жатканын кошумчалады.
Мирлан Бакиров эгерде органикалык продукциядан 1 килограмм химикат чыгып калса, жалпы өлкөнүн имиджине доо кете турганын билдирди.