Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде кворум жок жыйын өткөн жок.
Комитетте жалпы 9 депутат бар. Жыйынга комитеттин 4 гана депутаты келди. Комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова депутаттар кечигип жатканын айтып, 15 мүнөт тыныгуу жарыялаган. Бирок депутаттар келген жок.
Жыйындын күн тартибине 8 маселе коюлган. "Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзам долбоору каралмак.