Оштун мэри шаардагы аэропорт жана обсервация жайларынын коронавирустун алдын алуу иштерине даярдыгын текшерди

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ош эл аралык аэропортуна барып жүргүнчүлөрдү коронавирустан текшерүү иштери менен таанышты. Мэр аэропорттогу убактылуу изолятор жайынан да кабар алып, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Калаа башчысы чет өлкөдөн келген каттамдардан сырткары ички каттамдарды да текшерүү керектигин билдирди.

“Күчөтүлгөн режимде иштеп, ар бир жүргүнчүнү көзөмөлгө алыш керек. Мындай учурда ар бир кызмат өз милдетине кайдыгер карабашы зарыл. Керек болсо ички каттамдагы жүргүнчүлөрдү да текшерүү керек. Мындан тышкары эл көп чогулган жерлерде, ишканаларда дезинфекциялоо иштери улантылсын”, - деп билдирди мэр.

Таалайбек Сарыбашов шаардагы, шаар аймагындагы обсервация жайларынын даярдыгынан да кабар алды. Ош шаарынын аймагында 237 койка (обсерватор, изолятор) даярдалган. Ал эми Ош шаары жана Ош облусу боюнча жалпы 550 койка даяр.

Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан коомдук тамактануучу жайларга, азык-түлүк дүкөндөрүнө, борбордук жана кичи базарларга санитардык көрсөтмөлөр берилип, ишкерлердин арасында лекция окулуп, фотоматериалдар, брошюра жана плакаттар таркатылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
-Sumitra-
2020-03-16 19:14:34
Бугун Ошто ун жок экен го базарда.
-4
nukura_jigit
2020-03-16 19:34:01
-Sumitra-,ХБК да ун заводдордо 1350 дон сатылып жатат
+4
JaneEr
2020-03-16 22:01:50
nukura_jigit,адреси кандай?
0
Omar.
2020-03-16 20:01:43
-Sumitra-, бирөөдөн угуп алып ага кошуп айткандан корккулачы.
0
-Sumitra-
2020-03-16 23:46:34
Omar.,Ун заводто болушу мумкун.Бирок базарда Казакстандын уну жок экен.
0
ika8086
2020-03-17 08:01:30
ХБКдан ун заводтон эле ала койгула базардын ичинен тыгын болуп башынарды оорутпай.1350дон аласынар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан